5276137340978454992
11 / 100

ӨКМ 30-31-июлда күн ысыгандан улам мөңгү сууларынын көбөйүшү жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырдан улам тоолуу жана тоо этегиндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлады. Дарыяларда суунун кириши күтүлөт.

Буга байланыштуу ӨКМ жарандардан төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:

арыктарды тазалап, жээктерин бекемдеп жана таштанды таштабоону;

турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоону;

сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүнү;

мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүүнү.

Loading

От admin