photo 2024 07 10 13 49
16 / 100

Кыргызстанда алгачкы жолу боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта берилгендей, бүгүн, 10-июлда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына барып, боору алмаштырылган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Дарыгерлердин консилиумунан кийин эки бейтап тең үйүнө чыгарылды.

Бир ай бою дарыгерлер, анын ичинде хирург, трансплантолог, гастроэнтеролог, реаниматологдор алардын абалдарына дыкат көзөмөл жүргүзүп турушту. Бейтаптардын гемодинамикалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр боюнча тесттери, ошондой эле УДИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөрү оң натыйжаларды көрсөттү. Учурда реципиенттердин боору ийгиликтүү иштеп жатат.

Бейтаптар президент Садыр Жапаровго, министрге жана операцияга катышкан бардык медициналык кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдиришти.

«Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операция биздин жарандар үчүн акысыз болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Ар бир жараныбыз керектүү жардамды жогорку деңгээлде ала алышы үчүн өлкөбүздө медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта бермекчибиз”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги башка да бейтаптарды операциялардын кийинки этабына даярдоону улантууда. Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турат. Анын ичинен төртөөнө ылайыктуу донорлор бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Эскерте кетсек, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Түркия жана Кыргызстандын жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда боорду акысыз алмаштыруу операциясы жүргүзүлгөн. Операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланды.

photo 2024 07 10 13 48 01
photo 2024 07 10 13 47
photo 2024 07 10 13 48
photo 2024 07 10 13 49

Loading

От admin