названия 2
8 / 100

Кыргызстанда автогаз боюнча абал жакшырды, бирок май куюучу жайларда кезек күткөндөр дагы деле арбын экенин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси билдирди.

Бул көйгөй эки жума мурда башталган. Ага Россия темир жолунан келген вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам жеткирүүлөрдүн кечигип жатышы себеп болууда.

Июнь айынын аягында ассоциация бул маселе бир жумада чечилерин убадалаган. Бирок жеткирүүлөр дагы эле кечигип, май куюучу жайларда газ берүү үзгүлтүккө учурап жатканын Канатбек Эшатов моюндады. Мындан улам узун кезек жаралууда.

Ал июндун аягында газ келбей, нефтетрейдерлер запас менен гана иштеп калганын кошумчалады.

«Азыр вагондор келип жатат, аларды май куюучу жайлар тез эле алып кетүүдө. Бирок айрым заправкаларга кеч жетип жатат. Россия темир жолу кырдаалды жөнгө салса эле маселе чечилет«, — деген ассоциация жетекчиси.

Loading

От admin