2979c8ab 5c04 4c2b ada6 788737bd0b2d
12 / 100

Бүгүн, 9-июлда Ош облустук мамлекеттик администрациясында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эмил Жакыповдун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана Ош шаары, Ош, Баткен облустарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген мекемелердин жетекчилеринин, жалпы айдоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын максаты жеңил автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды лицензиялоого, автоунаа транспортторуна видеобайкоочу аппараттарды коюу керек экендигине багытталды.
Ошондой эле, айдоочулардын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна жоопкерчилигин жогорулатуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо маселелери көтөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар тарабынан суроолор узатылып, өз убагында жооптор берилди.

bddf7347 5483 4f1a 9729 c0a9f587ae77
3f3985e4 abf2 41bf 91ae 417ccc5ed105
31808599 0826 4961 b4da e63032e9f04d
1be5621f ba5b 4ab3 9b13 1625230d8f07
e0187b69 88d8 4713 a2b0 d9d126b4a07b

Loading

От admin