5b947aa8 53b8 4d5b 959b
8 / 100
Элдин байлыгын элге кайтарыш керек. Депутаттар профсоюздардын жетекчилерин жазалоону талап кылышууда
Депутаттык комиссия Профсоюздар федерациясынын жетекчилерин эскирүү мөөнөтүнө карабай жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында уюмдун бардык мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерин кайтарып алуу зарыл экендиги айтылат. «Эл байлыгы элге кайтарылышы керек», - деп кошумчалады Шайлообек Атазов.

Эл депутаттары профсоюздар жөнүндө мыйзамга жана уюмдун уставына өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.

«Федерацияга кадрдык реформа жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл керек», - дейт Шайлообек Атазов.

Loading

От admin