без названия.png
12 / 100

Свердлов районунун Кожевенная көчөсүнүн тазалыгын бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан күрөш активдүү жүрүп жатат.

Аталган көчөдөгү белгиленбеген жерге таштандыларды шаар тургундары да, жакын жердеги базардын сатуучулары да ташташууда.

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору таштандыны белгиленбеген жерге таштагандарды аныктоо үчүн шаардын бир нече жерине видео камераларды орнотушкан.

 Аларга карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси, Тазалык муниципалдык ишканасы менен келишим түзбөгөнү үчүн жана 115-берененин 1-бөлүгү менен 3  протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, таштандыларга атайын  урналарга гана салуу  жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы  тарабынан тиричилик таштандылары ташылып чыккан күндөрү гана таштоо керек.

Турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге таштоо үчүн 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул каралган.

Өндүрүштүк, өнөр жай  таштандыларын  жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге таштоо 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып салууга алып келээрин мэрия эскертет.

без названия.png
fb141554 6407 487e a78e 52dea6f9843b
f2c08f9f 0213 4555 9b2e d1c3bc7452f1

Loading

От admin