remont dorogi
8 / 100

Ж. Абдрахманов (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

10-июлдан тарта аталган көчөнүн Ж. Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, кесилиштерге асфальт басуу аяктагандан кийин, Ж. Абдрахманов көчөсүн Москва көчөсүнө чейин ачуу мерчемделүүдө.

Андан тышкары 10-июль күнү Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Ж. Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.
ЭСКЕРТҮҮ: Жолго асфальт басуу жумуштары аба ырайына (жамгырга) байланыштуу кечеңдеши мүмкүн. Мындай жагдайда график өзгөрөт.

Loading

От admin