2716001.332822b47dbb18019ed3951bdc334330
11 / 100

Кара-Балта шаарында 31 үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон берилди. Бул тууралу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сертификаттарды тапшыруу аземинде вице-мэр Рыскулбек уулу Нурмат социалдык келишим материалдык колдоо гана эмес экенин айтты.


«Бул биздин жарандардын жөндөмдүүлүгүнө болгон ишеним. Биз ар бир адамда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү бар деп ишенебиз жана потенциалды ачууга жардам беребиз. Программа каражат бөлүүнү гана эмес, консалтингдик колдоону, окутууну, бизнес- пландарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү да карайт. Берилген ресурстарды ар бир үй-бүлө натыйжалуу пайдалануусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулабыз», — деди ал.

Жалпысынан социалдык контрактты ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 8 үй-бүлөгө 100 миң сомдон, республикалык бюджеттен 14 үй-бүлөгө 100 миң сомдо акчалай жардам көрсөтүлгөн.

2715952.82399b48acbed1e2423da5c57d0dbd5d
2715957.ec816b2668d3f763bc72c3ccbae10544

Loading

От admin