2716317.14694186d4b10377a80bbf33c5097df3
10 / 100

Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жердеги «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын боюнда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу окунын күбөлөрү билдиришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, кырсык 2024-жылдын 6-июль күнү болгонун кабарлады.


Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 62-чакырымында «Nissan Primera» үлгүсүндөгү унаа аталган май куючу жайдын тосмосун сүзүп, оодарылып кеткен. Натыйжада 1993- жылы туулган М.А., жана 1992-жылы туулган М.Д. жаран денесинен ар кандай жаракат алып, Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна кайрылышкан.

2716317.14694186d4b10377a80bbf33c5097df3

Loading

От admin