MyCollages 1
12 / 100

УКМК тарабынан бийликти басып алууга аракет кылган К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды.
Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып алынды.
Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.

Loading

От admin