photo1719901785 1
14 / 100

Талас облусуна караштуу Манас районунда 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр сыйланды. Иш-чарага Манас районунун акиминин биринчи орун басары Нургазы Асылбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов жана ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери, мектеп директорлору жана класс жетекчилери катышты.

Ал эми бул иш-чараны аталган райондун мекенчил уулдары, тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, төкмө акын Аалы Туткучев башында турган «БилЭрMAN» коому жана «Secom” билим мекемеси демилгелеп, окуучулардын жакшы билим алуусуна стимул берүү берүү максатында уюштурган.

Анын алкагында, БилЭрMAN» коому ЖРТдан эң жогорку упай улган 3 окуучуга 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарды. Ошондой эле, мектеп директорлорун жана класс жетекчилерин дагы унутта калтырбай, аларга дагы 20 миң сомдон тапшырды. Алар:

С.Дуйшенбиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ыкышова Каныкей Анарбековнага ЖРТдан райондон 191 балл алгандыгы үчүн 100 миң сом, мектеп директоруна 20 миң сом, класс жетекчисине 20 миң сом тапшырылды. Ошондой эле, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын атынан 5 миң сом берилди.

«Улукман» жатак-лицейинин бүтүрүүчүсү Рысбекова Бермет Рысбековнага ЖРТдан райондон 196 балл алгандыгы үчүн 100 миң сом, мектеп директоруна 20 миң сом, класс жетекчисине 20 миң сом тапшырылды;

«Улукман» жатак-лицейинин бүтүрүүчүсү Амангелдиев Рамир Нуржигитовичке ЖРТдан райондон 192 балл алгандыгы үчүн 100 миң сом, мектеп директоруна 20 миң сом, класс жетекчисине 20 миң сом тапшырылды;

Мындан тышкары, Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин мурдагы жылдын бүтүрүүчүсү ЖРТдан райондон жогорку 220 балл алгандыгы үчүн 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Анда Билим берүү тармагына колдоо берүү максатында түзүлгөн «БилЭрMAN» коомунун өкүлдөрү бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, Манас районунда жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын тамга” сертификатына ээ болгон жана эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо жыл сайын өткөрүлүп турарын айтышты.

«Келечектеги муундардын илимдүү, билимдүү болуусуна кандай өбөлгө жана шарт түзүп бере алабыз деп ойлонуп отуруп, районубуздан чыккан аттуу -баштуу мекенчил жигиттердин демилгеси менен ушул иш башталды. Бүгүн бизден көргөн нерселерди кийинки жаштар дагы улантып, алар дагы арабызга кошулуп, катарыбызды толуктап кийинки муундарга жакшы иштерди жасасак деген тилегибиз бар.

Айыл көтөрүлөт, айылдан барып район көтөрүлөт, райондон облус көтөрүлүп, анан облус аркылуу мамлекетибиз оңолот»,-деди Аалы Туткучев.

Белгилей кетсек, буга чейин Манас районунда аталган райондун мекенчил уулдарынын демилгеси менен билим берүү системасын жакшыртуу максатында «Билимдүү коом бийиктейт-билимсиз коом бирикпейт» аттуу жакшы саамалык башталган. Анда өткөрүлгөн иш-чарада “БилЭрMAN” коомунун өкүлдөрү ЖРТдан жогорку упай алган окуучуларга стимул берүү максатында акчалай сыйлык берүүнү убадалаган болчу.

Тагыраагы, Манас районунун ичинде жалпы республикалык тестирлөөдөн алтын сертификат ала турган окуучуларга 250 миң сомдон акчалай сыйлык берилери айтылган.

Ага катар ал окуучуну даярдаган мугалимге 50 миң сом жана мектебине дагы 50 миң сомдон каралган. А бирок, эгерде алтын сертификат райондон чыкпай кала турган болсо, 200 баллдан жогору упай алган балдарга 150 миң сомдон акчалай сыйлык жана аларды окуткан мугалимдерине жана мектебине дагы 30 миң сомдон берилерин маалымдашкан. Бирок, эгер 200 баллдан дагы ашпай кала турган болсо, эң жогорку балл алган 3 балага 100 миң сомдон бериле турганын жана мындан тышкары, мугалимине жана мектебине дагы 20 миң сомдон берилери айтылган.

Ал эми бул демилгени колго алып, балдардын билимге умтулуусуна түрткү берген аталган райондун мекенчил уулдары мындай саамалыктарды жыл сайын адатка айландырып, улантууну ниет кылып жатышат.

Белгилей кетсек, Манас районунда жалпы 337 бүтүрүүчү 11-классты аяктады. Ал эми быйылкы жылы райондон жалпы республикалык тестирлөөдөн орточо көрсөткүчү 124 баллды түзүп, башка жылдарга салыштырмалуу окуучулардын окуу деңгээли жогору. Бул тууралуу Манас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов билдирди.

«1 окуучубуз “Алтын тамга” аттестатына ээ болуп жатат. Негизи жалпы республикалык тестке катышкан балдарыбыз 65 пайызды түздү. Окуучулардын аракеттери күч. Атайын мугалимдерди дагы окутканбыз. Ошол мугалимдердин, ата-энелердин эмгегинин негизинде жакшы көрсөткүчтөр болуп жатат деп ойлойм»,-деди Манас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашев

Кыргызстанда жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы жарыяланып, анда эң көп упай алган 56 абитуриент “Алтын сертификатка” татыды.
Эң жогорку — 234 упайды Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян Университетине караштуу орто мектептин бүтүрүүчүсү Аминат Гордаева, Бишкектеги №29 гимназиянын мурдагы бүтүрүчүсү Максат Оморов жана Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык «Кыргыз-Түрк»лицейинин бүтүрүүчүсү Элнура Эркинбекова алды.

Loading

От admin