825 585 kyrgyz national university smapse8
15 / 100

Билим берүүнүн сапаты рынок экономикасынын шартында туруктуу динамикалык өнүгүү траекториясына өтүү жана инновациялык типтеги университеттерди түзүү мезгилинде Кыргыз Республикасында билим берүү системасын заманбап реформалоонун жана модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан системалуу реформалардын натыйжасында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) эл аралык кызматташтыкта бай тажрыйбасы бар заманбап көп тармактуу, илимий-билим берүүчү жана маданий-агартуучу, эл аралык кызматташуудагы бай тажрыйбага ээ окуу жайы болуп калды.Учурда Ж.Баласагын атындагы КУУ өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасында алдыңкылардын бири катары жаштардын арасында кадыр-баркка ээ болуп, республикада гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да популярдуу жана белгилүү болуп баратат.Сапатты камсыздоо жана билим берүү программаларынын жана университеттердин сапатын көз карандысыз баалоо көптөн бери дүйнө жүзү боюнча жогорку билим берүү системаларынын ажырагыс бөлүгү болуп келатат. 2024-жылдагы эл аралык аккредитациялоо, КУУнун статусу, максаттары жана стратегиялык өнүгүү милдеттери өзгөрүп жаткан мезгилде, анын жашоосундагы бурулуш учур болду.Эл аралык аккредитация – бул сапатты камсыздоо жаатындагы эл аралык тармактар же ассоциациялар тарабынан иштелип чыккан жана таанылган технологияларды колдонуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программаларын эл аралык стандарттарга шайкештигин баалоо жана таануу процедурасы. Бул жагынан алганда, үзгүлтүксүз негизде активдүү болгон, кызыкдар тараптар үчүн ачык жана аккредитациялоо процедураларынын олуттуу санына ээ болгон, сапатты камсыздоо агенттиктеринин таанылган эл аралык тармактарына (мисалы, INQAAHE, APQN) жана чет өлкөлүк реестрлерге киргизилген (мисалы, APQR) аккредитациялоочу уюмдарды тандоо маанилүү. КУУнун эл аралык аккредитациядан өтүү боюнча агенттиктерге койгон жогорку талаптарын жетекчиликке алуу менен (Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө ишмердүүлүктүн таанылышы, маалыматтын кеңири коомчулук үчүн ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, билим берүү программаларын жана мекемелерин аккредитациялоо жаатындагы 10 жылдан ашык тажрыйбасы, жогорку кесипкөй репутация, сапатты камсыздоо боюнча агенттиктердин эл аралык тармактарына мүчөлүүгү), Россия Федерациясынын Кесиптик-коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борбору жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыз “BILIM-STANDARD” аккредитация агенттиги менен бирге көз карандысыз экспертизадан өтүү чечими кабыл алынган.Улуттук аккредитациялоо борбору жана көз карандысыз “BILIM-STANDARD” аккредитациялоо агенттиги Жогорку билим берүүнүн сапатты камсыздоо агенттиктеринин эл аралык тармагынын (INQAAHE), Азия-Тынч океан сапатты камсыздоо тармагынын (APQN) жана Евразиялык Билим берүүнүн сапатын баалоо ассоциациясынын (EAOKO) толук укуктуу мүчөлөрү болуп саналат. Улуттук аккредитациялоо борборунун жетекчиси APQN президенти, ал эми BILIM-STANDARDтын негизги кызматкерлери чет өлкөлүк аккредитациялоо уюмдарынын коллегиалдуу органдарынын мүчөлөрү болуп саналат.Биргелешкен аккредитация процедурасына төмөнкү багыттар боюнча алты магистратура программасы катышты:

• 581000 «Маркетинг», «Эл аралык маркетинг жана стратегиялык сооданы көзөмөлдөө” билим берүү программасы;

• 540200 «Социалдык иш», «Социалдык иш» билим берүү программасы;

• 532300 «Кытай таануу», «Эл аралык экономикалык мамилелер» жана «Эл аралык укук» билим берүү программалары;

• 710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар», «Программалык продуктыларды иштеп чыгуу үчүн жасалма интеллект элементтеринин технологияларын колдонуу» билим берүү программасы;

• 710400 «Инженердик программалык камсыздоо», «Программалык камсыздоону өнүктүрүү технологиялары» билим берүү программасы;

• 510300 «Маалыматтык технологиялар», «Маалыматтык технологиялар» билим берүү программасы.Тышкы Эксперттик Комиссиялардын (ЕЭК) курамына кыргызстандык жана россиялык эксперттер, кесиптик жана студенттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

ЕЭКтин ишинин жүрүшүндө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окуу корпустарынын айланасына жалпы экскурсия өткөрүлүп, анда эксперттер КУУнун материалдык-техникалык базасы, компьютердик паркы, корпоративдик тармагы, китепканалык фонду менен таанышты.Эки агенттиктин окуу жайдын эл аралык стандарттарга шайкештигин көз карандысыз баалоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, билим берүү программаларын жана жалпы университетти биргелешип экспертизалоо алардын андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Программалар, сапатты жогорку эл аралык деңгээлде текшерүүгө жана жогорку квалификациялуу чет элдик эксперттерден сунуштарды алууга мүмкүнчүлүк алышты.Эң гегизгиси, мындай экспертизанын жыйынтыгы тастыкталды:

Эки агенттиктин далили: билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоодон ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө “Билим Стандарт” Улуттук аккредитация агеттигинин жана “Улуттук аккредитациялоо борборунун” чет үлкүлүк аккредитациялык агенттигинин сетификаттары;- билим берүү программаларына Россия Федерациясынын Кесиптик-коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борборунун менен сыйланган – «Эң жакшы сапат – 5 жылдыз» өзгөчө белгиси жана алар Улуттук аккредитациялоо борборунун аккредитацияланган программаларынын реестрине киргизилди (гипершилтеме – https: /ncpa.ru/akkreditatsiya/akkreditovannye-programmy.html? view=item&id=11805). Биргелешкен эл аралык аккредитациянын жыйынтыгы боюнча Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин билим берүү программалары, Азия-Тынч океан билим сапатын камсыздоо APQR реестринде катталган Азия-Тынч океан аймагындагы DAQAR аккредитацияланган билим берүү программалары жана жогорку окуу жайларынын маалымат базасына киргизилди. 2024-жылдын 1-июнуна карата DAQARга 252 билим берүү уюмдарынын 4853 отчету жайгаштырылды.DAQAR маалымат базасы бардык кызыкдар тараптар үчүн аккредитациялоо процедураларынын натыйжалары жана университеттерди жана билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча чечимдер жөнүндө отчетторго акысыз жана түз кирүүнү камсыз кылат:- Маалыматтык база, студенттер алар окугусу келген билим берүү программасын же ЖОЖду тандоодо көмөкчү курал катары пайдалана алышат.- маалыматтык база жогорку окуу жайлары үчүн, өзүн таанытуунун деңгээлин жгорулатууда, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана эл аралык абройго ээ болууга, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн кадыр-барктуу өнөктөш болгон университеттерди издөөгө мүмкүнчүлүк берген баалуу инструмент катары кызмат кыла алат.- Маалыматтык база, Улуттук бийлик органдары үчүн өлкөдөгү жогорку билим берүү системасынын жана сапатты камсыздоо системасынын абалы жөнүндө маанилүү маалыматтын булагы катары кызмат кыла алат. Маалыматтар базасында университеттер жана билим берүү программалары канчалык көп көрсөтүлсө, жалпы улуттук жогорку билим берүү системасынын позициясы ошончолук жогору жана күчтүү болот.Жыйынтыктап айтканда, эл аралык аккредитациянын жыйынтыгы Ж.Баласагын атындагы КУУнун сапат кепилдигин таанууга, ошондой эле анын билим берүү программаларына маалымдуулукту жана ишенимди жогорулатууга өбөлгө түздү деп айта алабыз..• Аккредиттелген программалардын реестрине гипершилтеме — https://ncpa.ru/akkreditatsiya/akkreditovannye-programmy.html?view=item&id=11805• «Excellent Quality» үчүн гипершилтеме• Гипершилтеме 2024-жылдын 26-28-мартына чейин.

Database of External Quality Assurance Results of the Asia-Pacific Quality Register (DAQAR). URL: https://daqar.org

Loading

От admin