61b32ace63b81 scaled
12 / 100

Кыргызстан мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдөн баш тарткан жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, реформага парламенттин депутаттарынын бири тоскоолдук кылган. Кыргызстан баары бир 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Бирок ал так мөөнөтүн айткан жок.

«Биз өзүбүздү өзүбүз көтөрүшүбүз керек. Азыр Тынч океандан Атлантикага чейинки эң артта калган мамлекетпиз. Учурда улам жылдырылып жаткан маселелер абдан көп. Маанисиз нерселерге алаксып кетип жатабыз. Биз 12 жылдык билим берүү болушун жактап жатабыз жана ошондой болот. Биздин жаштар талаада иштеп, таштанды чогултушун каалабайбыз. 12 жылдык окуу системасы дүйнө жүзүндө бар. Биз буга мурда эле өтүшүбүз керек болчу. Ошондуктан министрлер кабинети ушул позицияда турат. Бир депутат отуруп алып талап койгондуктан реформанын мөөнөтүн жылдырууга туура келди», — деди Байсалов.

2022-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкынын 12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн 40 миллион доллар бөлө турган долбоорун жактырган эмес. Кээ бир депутаттар ата мекендик мектептер менен коомчулук жаңы системага даяр эмес экенин белгилешкен.

Комитеттин жыйынында ошол кездеги билим берүү министри 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын айтып, аргументтерди келтирген.

Loading

От admin