447895375 484845367445007 3225865391429872355 n
9 / 100

Депутат Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарылгандыгы тууралуу үн катты:

«Урматтуу элим! Айрыкча Баткендиктерим! Мени Бүтүн Кыргызстан фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз. Биринчиден мандат алып иштеген күндөн баштап 4-жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап фракция жыйынында айтып берди. Мейли ал башкысы эмес фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай «былыктары» бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам. Ток этерин айтканда фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта беремин. Алдыда аткара турган мыкты иш пландарыбыз көп. Кыжалат болуп жеке баракчама жазып, чалып сурап жатасыздар. Менде баары жакшы. Мындай майда чечимдер үчүн баш оорутуунун кажети жок болчу. Көпчүлүктүн оюн сыйлап жооп жазып койдум.

P.S. Телефон чалып издеп, сурап жаткан жакшыларым ден-соолугум кичине эркелеп дарыланып жаткан учурум. Телефон кармаганга уруксат жок болуп жатат дарыгерлер тарабынан»,деген ал.

Эске салсак, кечээ 5-июнда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиев депутат Айгүл Айдарова аталган фракциядан чыгарылгандыгы тууралуу маалымат берген. Мунун себебин ал Айдарова фракциянын жыйындарына катышпай койгондугу менен түшүндүргөн.

Loading

От admin