photo1717573170
8 / 100

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Асаналиевди бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштап, макулдук алуу үчүн парламентке киргизген.

Максат Асаналиев 2022-жылдан бери Ош облусунун прокурору кызматын аркалап келген. Ал 46 жашта. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган.

Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Loading

От admin