WhatsApp Image 2024 06 04 at 11.07.55
6 / 100

УКМК тарабынан мамлекеттик окуу жайлардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, окутуу мекемесинин катышуу журналдарын изилдөө жана тесттик, экзамендик отчеттордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, студенттердин көпкө сабакка келбегендигине, анын ичинде тийиштүү тесттерди жана экзамендерди тапшырбагандыгына карабастан, институттун жооптуу кызматкерлери студенттер менен тил табышып, бул фактыны жашырып, студенттердин катышуусуз алардын андан ары билим алышына уруксат беришкен. Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөндүгү жана республиканын башка аймактарында жашагандыгы аныкталган.
Институттун ишмердүүлүгүн объективдүү жана толук текшерүү максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, анда аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар да бар экендиги такталды.
Учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Loading

От admin