ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын июль айында “Мак-2023” операциясынын алкагында “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү.
Жогорудагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн.
Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг, Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг, Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг, Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг, Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг, Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг кара куурай орулуп өрттөлгөн.

От admin