Бишкекте дүйнөдө жүзү боюнча алгачкы ирет «Ы» тамгасына арналып эстелик тургузулат. Бул тууралуу Российская газета басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эстеликтин ачылышы 29-апрелде “Ынтымак” сейил багында өтөт.

Кыргызча-орусча сөздүгүндө жалпы жонунан “ы” тамгасы катышкан 600дөн ашык сөз бар.

“Кыргыз тилинде бул тамганын болуусу менен «кыргыз», «кыргыз эли», «Кыргызстан» бренддери татыктуу таанылып жана кабыл алынып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Эстеликке QR-код коюлат. Ал аркылуу шаар тургундары жана коноктору Кыргызстандын географиясы, тарыхы жана эли тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтарды ала алат.

От admin