Ички иштер министрлиги милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаевди 75 жаш мааракеси менен куттуктады. Маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 25-апрелде Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков жана министрдин орун басарлары Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаевди 75 жаш мааракеси менен салтанаттуу түрдө куттуктады.
Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Садырбек Мамбеталиевичке чың ден соолук, иштерине ийгилик, узун өмүр каалады. Ведомство башчысы ички иштер органдарынын салттарын колдоодо, ички иштер органдарынын кызматкерлерине тажрыйбасы менен бөлүшүүдө жана жардам берүүдө Генералдар кеңешинин ролун баса белгиледи.

«Сизди Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү 75 жаш кутман курагыңыз менен куттуктап, чын жүрөгүмдөн чыккан каалоолорумду билдирип кетким келет! Бул мезгилге чейин кандай гана кызматтарда эмгектенбеңиз, Сиз Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын чыңдоо, өркүндөтүү, ошондой эле мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кошкон салымыңыз жогору баага татыктуу. Ардактуу эс алууда жүргөнүңүздө да, Сиз Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы катары кызматтык тажрыйбаңызды өсүп келе жаткан жаш муундарга талыкпастан жеткирип келүүдөсүз», — деди Улан Ниязбеков.
Министр Садырбек Дубанаевдин өмүр жолу, берилгендиги жана жигердүү турмуштук позициясы азыркы иштеп жаткан милиция кызматкерлери үчүн үлгү болоорун баса белгилеп, ден соолук, узун өмүр каалады.

Белгилей кетсек, Садырбек Дубанаев ички иштер органдарында кызматтык өсүштүн бардык тепкичтерин басып өткөн. Ал Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлорунун бири, Генералдар кеңешин жетектейт. Ал ар дайым турмуштук окуялардын калың катмарында, демилгелүү жана ар дайым генералдан кеңеш сурап кайрылып, же болбосо жөн гана курч көйгөйлөр менен бөлүшө алышат.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаевди 75 жаш мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайт! Ички иштер органдарынын ишмердигине кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Сизге ден соолук, келечекке ишеним, бардык ишиңиздерге ийгилик жана адамдык чоң бакыт каалайт!

От admin