УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту "Адамдардын тобу тарабынан пара алуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ФМга караштуу  Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары Б.у.Н., Т.С.К., Т.Р., Д.М.К. жана А.А.К. кармалды. 
  КР ФМга караштуу МСКнын кызматкерлери байкоо камералары жок атайын бөлүнгөн жерлерде салык салуунун тигил же бул маселелерин тездеткендиги жана чечкендиги үчүн ишкерлерден системалуу түрдө акча каражаттарын чогултушкан.
     Жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуунун көптөгөн фактылары документтештирилген.
     2024-жылдын 22-апрелинде Биринчи май райондук мамлекеттик салык кызматынын административдик имаратында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору Б.у.Н., Т.С.К., Т.Р., Д.М.К. жана А.А.К кармалып, Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 
      Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар Мамлекеттик салык кызматынын башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

От admin