Техникалык жабдыктарды тапшыруу расмий аземи ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылдбек Бийбосунов менен Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлорунун жетекчиси Косимо Ламберти Фоссати мырзанын жолугушуу учуруда болду.
Европа Биримдиги каржылаган Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы (БОМКА 10) Кыргыз Республикасынын ИИМге боди-камераларын, док станцияларын жана планшеттерин расмий түрдө өткөрүп берди.
Адылбек Бийбосунов Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө, Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү боюнча БОМКА — 10 программасына аймактык өнөктөштүктү бекемдөөгө, коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жөндөмдүүлүгүн арттырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Косимо Ламберти Фоссати Мырза БОМКА-10 программасынын алкагында өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого даярдыгын ырастады.

От admin