Бишкекте тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп Эл аралык медициналык
университеттин окутуучусу пара алып жеринен кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси
боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, милицияга 2023-жылдын ноябрь айынан бери
акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жаткан мугалимге чара көрүү
тууралуу арыз түшкөн.

ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан университеттин имаратында пара
алып жаткан жеринен опузала тала кылган окутуучу 81 000 сом өлчөмдө пара
алып жаткан жеринен кармалган.

Пара алган эл аралык медициналык университеттин мугалими 1989-жылы
туулган И.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин
негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

От admin