Бүгүн, 2024-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарындагы «Парк отель» мейманканасында «Терроризм жана экстремизм: Заманбап чакырыктар, коркунучтар жана Борбордук Азиянын регионалдык коопсуздугун камсыздоодогу саясий-укуктук аспектилер» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Ага мамлекеттик органдардын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн, илимий-изилдөө борборлорунун, эксперттик-аналитикалык түзүмдөрдүн, жогорку окуу жайлардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, Борбордук Азиянын жана алыскы өлкөлөрдүн эксперттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жогорудагы иш-чараны өткөрүү Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун демилгеси менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтунун жазык укугу жана криминалогия кафедрасы, Борбор Азия боюнча Конрад Аденнауэра атындагы фонду менен биргеликте уюштурулган.
Алгач иш-чараны демилгечи тараптан Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ачып, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, дүйнө-жүзүндө эң башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жаткан терроризм менен экстремизм маселесин алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын гана эмес, эл аралык уюмдардында ролун баса белгиледи.
«Белгилей кетсек, азыркы коопсуздук шарттарында терроризм жана экстремизм менен күрөшүү Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болгондуктан, бүгүнкү конференциянын тематикасы өтө актуалдуу»,-деди өз сөзүндө Адыл Бийбосунов.
Андан соң катышуучулар терроризмди, экстремизмди алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыздоодо мамлекеттик органдардан сырткары, жарандык институттардын маанилүүлүгүнө токтолушуп, бирдиктүү иш алып баруу керектиги айтылды. Ошондой эле, экстремисттер азыркы заманбап шарттарда маалыматтык технологияларды колдонуу менен аярлуу катмарга психологиялык таасир этүүлөрүн болтурбоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан зарыл болгон иштер жүрүп жатканы кошумчаланды. Баяндамалары менен чыккан эксперттерда бул теманын алкагында илимий изилдөөлөргө таянып, терроризм менен экстремизмди алдын алуудагы маселелер, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууну күчөтүү, Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыздоодогу саясий-укуктук аспектилер боюнча өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. Аларга каршы аракеттенүүнү уюштуруу үчүн өсүп келе жаткан муунду патриоттук жана руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндөгү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда ИИМдин Республикалык окуу борборунун башчысы Бакыт Дубанаев катышуучулардын бардыгына ыраазылыгын билдирип, тастыктамаларды тапшырды.
Белгилей кетсек, иш-чарадан кийин конференциянын катышуучуларынын илимий макалаларынын, баяндамаларынын жана билдирүүлөрүнүн жыйнагын чыгаруу мерчемделген. Ал жыйнакка диний экстремизмдин жана терроризмдин жалпы маселелери, бул көрүнүштөргө каршы аракеттенүү маселелери, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде жаштарды ар кандай диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына тартууну болтурбоо маселелери боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана коомдук түзүлүштөргө даректелген илимий негизделген жана практикага багытталган сунуштамалар киргизилет.

От admin