Ичеги-карын инфекцияларын эл ичинде жөн жерден «кир колдун оорусу» деп аташпайт. Бул алардын карапайым гигиена эрежелерин сактабагандык менен түздөн-түз байланышын айгинелейт. Бул дартка көбүнчө балдар чалдыгат: балдардын ичеги инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдиги чоңдорго караганда 2,5–3 эсе жогору болот.
Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары (КМИИ) — бул адамдын тамак сиңирүү тутумун жабыркатуучу бактериялар, вирустар жана жөнөкөй микроорганизмдер тарабынан пайда болгон жугуштуу оорулар. Алар уулануу (интоксикация), ичтин оорушу, ич өтүү жана кусуу менен коштолот. Бул топко төмөнкүлөр кирет:
- Дизентерия, ич келте (брюшной тиф), паратиф А жана Б;
- Сальмонеллез, холера, гастроэнтерит;
- Тамак-аштан уулануу, А вирустук гепатити, вирустук диарея.
Ичеги инфекцияларынын күчөшү жай-күз мезгилине туура келет, анткени бул убакта жашылча-жемиштер көп керектелет.
Негизги симптомдору жана себептери
- Симптомдору: Ичтин оорушу, кусуу, тез-тез ич өтүү жана көп учурда дене табынын көтөрүлүшү. Көбүнчө 3 жашка чейинки кичинекей балдар оорушат.
- Себептери: Патогендүү ичеги таякчалары, сальмонеллалар, дизентерия микробдору, стафилококктор жана ар кандай вирустар (көбүнчө энтеро-, рота- жана аденовирустар).
Жугуунун 3 негизги жолу:
- Тамак-аш аркылуу — жетиштүү гигиеналык жана термикалык (бышыруу) иштетүүдөн өтпөгөн азыктарды жегенде;
- Суу аркылуу — сапатсыз, таза эмес сууну ичкенде;
- Турмуш-тиричилик (байланыш) аркылуу — ар кандай кир буюмдар же кир кол аркылуу.
Алдын алуунун 5 негизги эрежеси
1. Жеке гигиенаны сактаңыз жана балдарды үйрөтүңүз
- Колду самындап бат-баттан жууңуз: өзгөчө тамак жасаарда жана тамактанар алдында, дааратканадан кийин жана көчөдөн келгенде;
- Ашкананы таза кармаңыз, азык-түлүктөрдү чымын-чиркей, кемирүүчүлөр жана үй жаныбарларынан коргоңуз;
- Тамак-аш калдыктарын өз убагында таштандыга чыгарыңыз;
- Балдардын идиш-аягын атайын уруксат берилген каражаттар менен дайыма жууп, оюнчуктарын колуна берээрден мурун тазалаңыз.
2. Чийки жана даяр азыктарды бөлүңүз
- Чийки эт, куш эти, балык жана жашылча-жемиштерди даяр тамактардан өзүнчө сактаңыз;
- Чийки азыктарды тууроо үчүн өзүнчө бычак жана тактайларды колдонуңуз.
3. Тамактарды жакшылап бышырыңыз
- Тамак-ашты, өзгөчө эт, куш эти, жумуртка жана балыкты кылдаттык менен кууруп же кайнатып бышырыңыз.
4. Азыктарды коопсуз температурада сактаңыз
- Бышкан тамакты бөлмө температурасында 2 сааттан ашык калтырбаңыз;
- Тез бузулуучу жана бышкан тамактарды дароо муздаткычка (артыкчылыктуу температура 5 °Cтан төмөн) салыңыз;
- Муздаткычта болсо да, тамакты өтө узакка сактабаңыз.
5. Коопсуз суу жана таза азыктарды колдонуңуз
- Таза сууну гана колдонуңуз; Коопсуздугу арттырылган азыктарды (мисалы, пастеризацияланган сүт) тандаңыз;
- Жашылча-жемиштерди, өзгөчө чийки жей тургандарды жакшылап жууңуз;
- Жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды жебеңиз;
- Майрамдан калган тамактарды көпкө жебеңиз. Калган тамакты муздаткычта 1 суткадан ашык сактабай, жештен мурун кайрадан жакшылап ысытыңыз;
- Тамак-ашты ташууда жана сактоодо таза баштыктарды, контейнерлерди колдонуңуз;
- Көчөдөгү туш келди адамдардан же уруксат берилбеген соода орундарынан азык-түлүк сатып албаңыз;
- Кичинекей балдарга кайнатылбаган сүт, чийки жумуртка бербеңиз, тамакка жаңы азыктарды гана колдонуңуз;
- Сууга түшүүгө тыюу салынган же сунушталбаган көлмөлөргө сууга түшпөңүз.
МААНЫЛҮҮ: Ичеги инфекциясынын алгачкы белгилери (ысытма, кусуу, ич өтүү, ичтин оорушу) пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу зарыл!
Жайкысын туура тамактануу тууралуу мифтер жана фактылар
Жайында уулануу жана ичеги инфекцияларын жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт. Көпчүлүк ишенген айрым "элдик кеңештер" чындыгында ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Илим бул тууралуу эмне дейт?
- Миф 1: «Дарбыздын бышканын текшерүү үчүн базардан түз эле ортосун пирамида кылып кестирип көрүү керек».
- Илимий факт: Бул — ичеги инфекциясын жуктуруунун эң тез жолу. Сатуучунун бычагы стерилдүү эмес, ал эми дарбыздын сыртында миллиондогон бактериялар жашайт. Бычак менен кескенде микробдор түз эле таттуу суюктукка кирет. Дарбыздын ичиндеги жылуу жана абасыз чөйрөдө бактериялар көз ирмемде көбөйүп кетет.
- Миф 2: «Эгер тамактан бузулган жыт чыкпаса, аны жей берсе болот».
- Илимий факт: Жайкысын эң коркунучтуу болгон бактериялар (мисалы, сальмонелла же стафилококк) азыктын даамын, жытын же сырткы көрүнүшүн өзгөртпөйт. Тамак таптаза көрүнгөнү менен, ичинде уулуу заттардын (токсиндердин) кооптуу көлөмү топтолуп калышы мүмкүн.
- Миф 3: «Ысыкта муздак газдалган суу же сыра чаңкоону жакшы кандырат».
- Илимий факт: Тартиби тескерисинче — таттуу жана алкоголдук ичимдиктер заара кууп, организмди ого бетер кургатат (обезвоживание). Мындан тышкары, муздак суюктук ашказандын кан тамырларын кысып (спазм), тамак сиңирүүнү жайлатат жана инфекцияларга каршы жергиликтүү иммунитетти алсыратат. Алкоголь болсо өзүнчө эле ден соолукка зыян.
- Миф 4: «Өрүк-туршак, кулпунай жана көк чөптөрдү крандагы муздак сууга бир чайкап койсо жетиштүү».
- Илимий факт: Көк чөптөрдүн түзүлүшү тешикчелүү келет, ал эми кулпунай же малинанын бетинде курттардын (гельминттердин) жумурткалары менен бактериялар жабышып кала турган микроскопиялык түктөр бар. CDC маалыматы боюнча, жөнөкөй суу кирдин бир бөлүгүн гана жууйт. Жайында көк чөп менен мөмөлөрдү таза сууга 10–15 мүнөт чылап коюп, андан кийин агын суу астында кол менен сүртүп жууш керек. Алма, бадыраң сыяктуу катуу жемиштер үчүн атайын щетка колдонгон жакшы, бирок самын же тиричилик химиясын колдонуу сунушталбайт.
- Миф 5: «Ууланганда ашказанды тазалоо үчүн марганцовка эң мыкты каражат».
- Илимий факт: Далилдери бар медицина (доказательная медицина) бул ыкмадан эчак эле баш тарткан. Марганцовканын кристаллдары сууга дайыма эле толук эрибей калат. Алар ашказандын былжыр челине түшкөндө, эң оор химиялык күйүктөрдү пайда кылып, оорулуунун абалын ого бетер оорлоштурат.