
Мексиканын жаш футболчусу Гильберто Мора 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатында тарых жаратты.
Ал мундиалдын бет ачар оюнунда талаага чыгып, дүйнө чемпиондугунда ойногон эң жаш футболчулардын алтоосуна кирди.
Мындан тышкары, Мора дээрлик 96 жылдан бери жаңыланбай келген рекордду жаңыртып, дүйнөлүк футбол коомчулугунун көңүл борборуна түштү. Жаш таланттын дебюту Мексиканын Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңген оюнунда катталды.
Адистер Гильберто Мораны дүйнөлүк футболдун жаңы жылдыздарынын бири катары баалап, анын карьерасына өзгөчө көңүл бурууда.