
Кыргызстандын мамлекеттик гимнин жаңылоо боюнча комиссиянын иш мөөнөтү 2026-жылдын 1-декабрына чейин узартылды.
Бул чечимди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети колдоду.
Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдиргендей, комиссиянын иши 1-июнда жыйынтыкталышы керек болчу.
Анын айтымында, жаңы гимнди тандоо боюнча сунуштарды кабыл алуу аяктады. Эми текст жана музыка жазуу боюнча мамлекеттик тапшырмалар чыгармачыл союздар жана авторлор арасында эки этап менен жүргүзүлөт.
Буга чейинки сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да колдогон эмес.