
Бүгүн Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын июнь айындагы эл аралык оюндардын алкагында Палестинанын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион стадионунда өтүп, саат 20:30да башталат.
Күйөрмандар үчүн беттешке чейин атайын шоу-программа жана көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулуп, алар саат 18:30дан тарта старт алат.
Футбол биримдиги белгилегендей, бул оюн улуттук кураманын алдыдагы расмий мелдештерге даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Эске салсак, 6-июнда өткөн биринчи беттеште Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары жеңүүчүнү аныктай албай, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.