
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук госпиталдагы санариптик кызматтардын көрсөтүлүшүн, анын канчалык ыкчам иштээрин текшерди
Ал эл катары талон алып, анализ тапшырганга чейин канча убакыт кетерин аныктады. Буга анын бир сааттын тегерегинде убактысы кеткен.Жыйынтыгында министр кезектерди азайтуу үчүн медкызматтарды санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды.
"Эртең менен бейтаптардын топтолуп калышы аймактардан келген жарандардын бөлүм ачыла электе келип алышы менен байланыштуу. Консультациялык-диагностикалык бөлүм күн сайын өлкөнүн булуң-бурчунан 500дөн ашуун бейтапты кабыл алат", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук госпиталдагы узун кезектин видеосу соцтармакка тараган.