
29-май күнү саат 14:15 чамасында Кыргызстан аймагында 4,5 магнитудалуу жер титирөө болду
Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдиргендей, жер силкинүүнүн очогу Бишкек шаарынан 143 чакырым түштүк-батышта, ал эми Токтогул шаарынан 78 чакырым чыгышта, болжол менен 7 чакырым тереңдикте орун алган. Учурда жабыркагандар же кыйроолор боюнча расмий маалымат бериле элек. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту очок Кыргызстандын аймагында жайгашканын маалымдап, ал Сары-Булак айылынан 10 чакырым түштүктө, Ничке айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта жана Манас шаарынан 110 чакырым түндүк-чыгышта болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, Сары-Булак жана Ничке айылдарында жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга чейин жеткен.