
Бүгүн Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму — FAO тарабынан ишке ашырылып жаткан “Деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө балык чарбасындагы кошумча нарк чынжырларын туруктуу өнүктүрүү” (SVC4LLDCs) аттуу эл аралык долбоордун расмий ачылышы өттү
Долбоор Корея Республикасынын Океандар жана балык чарба министрлиги тарабынан каржыланып, анын алкагында негизги өнөктөштөр менен кызыкдар тараптар катышкан киришүү семинары уюштурулууда.
Кыргызстан тараптан долбоордун улуттук өнөктөшү катары Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти катышууда. Долбоордун негизги максаты — өлкөдөгү балык чарбасында кошумча нарк түзүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылуу, өндүрүмдүүлүктү арттыруу жана тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү. Айрыкча радужный форель менен карп балыгын өстүрүү багытына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Анткени бул тармактар өндүрүш көлөмүн кеңейтүүгө жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик мекемелердин, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү кошумча нарк чынжырларын талдоонун алдын ала жыйынтыктарын карап чыгып, тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашууда.
Адистердин айтымында, долбоорду ишке ашыруу аквакультура тармагын өнүктүрүүгө, балык продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандагы кошумча нарк чынжырларын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.