
Ички иштер министрлиги мыйзам чегинен чыгып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды
«Акыркы убакта соцтармактарда ар кандай чагымчыл билдирүүлөр орун алууда. Айрымдары билбей, айрымдары атайлап жазып атса керек. Улуттар аралык кастык, жек көрүүнү күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр орун алууда. Анын ичинде чет өлкөлүк жумушчуларга карата да. Учурда мамлекетибизде ири эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, Асман шаары, ири энергетикалык Камбар-Ата-1 ГЭСи жана башка обьектилер курулууда. Аларга сөзсүз адистер, жумушчу күчү керек болот. Алар ээн-эркин, каалагандай эле кирип-чыгып жаткан жери жок. Ар бири тийиштүү уруксат документтери, визасы менен келип, биздин көзөмөлдө турат. Долбоорлор бүткөндө кайра эле кетишет. Эч кимиси калып калбайт. Айрым долбоорлор 2030-жылы бүтсө, айрымдары 2035-жылы бүтөт. Ошондуктан жарандарыбызга маалымат таратууда этият болууну, чын-төгүнүн аныктап билип алып, анан талдоого алууну сунуштайбыз. Жоопко тартып баштаганда адаттагыдай эле: “Жөн эле жоопко тартып атат”, - деп кыйкырып чыкпагыла.
Мыйзам чегинен чыгып, чагымчылдыкка алдырбоону суранабыз», - дейт ИИМ.