
Чоң-Алай районунда тоют базасын чыңдоо жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында, райондун аймагындагы жогорку, ортоңку жана ылдыйкы зоналарына жалпы 3,5 га аянтка Германиянын KWS компаниясынын жогорку түшүмдүү КВС КАШМИР (FAO 390) сортундагы жүгөрү үрөнү алгачкы жолу эксперимент катары эгилди
Бул гибрид жогорку түшүмдүүлүгү, кургакчылыкка туруктуулугу жана тоют багытында пайдаланууга ылайыктуулугу менен айырмаланат. КВС КАШМИР гибриди интенсивдүү өндүрүш үчүн ылайыктуу болуп, дан жана тоют алуу багытында кеңири колдонулат. Адистердин маалыматына ылайык, анын түшүм потенциалы 150 ц/га чейин жетет жана өсүмдүк кургакчылык шарттарына жакшы ыңгайлашкан. Аталган демилге Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М. Шамыркановдун тапшырмасынын негизинде, Чон-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Т. Абдираимов жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин Кара-Суу жана Чоң-Алай районунун адиси З.Карыбеков тарабынан ишке ашырылууда.