
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан өлкөдө каналдарга бетон полотносун (бетон жайылмасы) төшөө иштери активдүү жүрүүдө
Бетон полотносу боюнча 2025-жылы жалпы республикалык бюджеттен 883,2 млн. сом каражат бөлүнүп, ага аянты 342,57 миң м² бетон жайылмасы алынып, анын ичинен 148,4 миң м² бетон жайылмасы 27,6 км аралыктагы каналдарга төшөлдү.
2026-жылы 657,4 миң м² бетон полотно төшөө мерчемделип бүгүнкү күндө Республика боюнча 107 417,0 миң м2 бетон жайылмасы 21,9 км аралыка төшөлдү, анын ичине:
Баткен облусу -7030,0 миң м2 бетон жайылмасы 3,5км аралыка төшөлдү.
Ош облусу -16 000,0 миң м2 бетон жайылмасы 3,4км аралыка төшөлдү.
Жалал-Абад облусу -19565,0 миң м2 бетон жайылмасы 3,88км аралыка төшөлдү.
Нарын облусу -6935,0 миң м2 бетон жайылмасы 1,100 км аралыка төшөлдү.
Талас облусу -11 020,0 миң м2 бетон жайылмасы 1,78 км аралыка төшөлдү.
Ыссык-Көл облусу -3610,0 миң м2 бетон жайылмасы 0,9 км аралыка төшөлдү.
Чүй облусу -43 257,0 миң м2 бетон жайылмасы 7,355 км аралыка төшөлдү.