
архивдик сүрөт
Ош шаарына эл аралык “Эскерүү оту” эстафетасынын алкагында Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн алынган “Түбөлүк оттун” бир бөлүгү жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, оттун бөлүгүн Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана телеалып баруучу Андрей Продеус, ошондой эле медиа-куратор Татьяна Светличная алып келишкен.
Расмий кабыл алуу аземинен кийин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган мемориалдык комплексте “Түбөлүк отту” жандыруу салтанаты өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Башкы консулдугунун кызматкерлери, ардагерлер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Андан соң Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, согуш баатырларын эскерүүнүн жана жаш муунду патриоттук духта тарбиялоонун мааниси баса белгиленди.