
2026-жылдын 5–13-апрелинде Гранада шаарында ок атуу боюнча Дүйнө кубогу өтүп, ага 52 өлкөдөн 400дөн ашуун спортчу катышты.
Кыргызстандын курамында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да чыгып, борбор калаанын спорт мектебин татыктуу көрсөтүштү. Алар ВП-60 (10 метр аралыкка пневматикалык мылтык менен атуу) дисциплинасы боюнча күч сынашты.
Мелдешке катышуунун негизги максаты — эл аралык тажрыйба топтоо, чеберчиликти жогорулатуу жана дүйнөлүк аренада Кыргызстандын позициясын бекемдөө болду.