
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын өкүлү Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүү багыттары талкууланды.
Эрлист Акунбеков БУУ менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтык түзүлгөндөн бери уюм өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканын, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл аймактарын өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын башкаруу, суу ресурстарын туруктуу пайдалануу, фермерлерди колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багыттарында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.
Министр ошондой эле БУУ менен кызматташуунун аркасында министрлик эксперттик жана финансылык колдоого ээ болуп жатканын белгилеп, бул жолугушуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана өлкө үчүн практикалык натыйжаларга жетишүүгө багытталган иштерди улантуу ниетин билдиришти.