
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр башка өлкөлөрдө да мыйзамдуу таанылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, жаңы күбөлүктөр Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери аркылуу тиешелүү мамлекеттерге жеткирилген. Акыркы үч ай ичинде бул боюнча эч кандай расмий дооматтар түшкөн эмес.
«Бул биздин айдоочулук күбөлүк көпчүлүк өлкөлөрдө кабыл алынганын көрсөтөт. Айрым учурларда күбөлүк жергиликтүү мекемелерге жетпей калышы мүмкүн, ошондуктан айрым өлкөлөрдө түшүнбөстүктөр жаралууда», — деди Имангазиев.
Ал белгилегендей, бул маселени жөнгө салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жаңы күбөлүктөр Европанын айрым өлкөлөрүндө таанылбай жатканы тууралуу маалыматтар тараган.


