
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты.
Бишкек шаарынын Термечиков 16 дарегиндеги көп функционалдуу шаар комплексинин курулушу 2025-жылдын жаз айларында башталган. Долбоор заманбап архитектуралык чечимдерди жана сейсмикалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууда.
Институт өкүлдөрү тарабынан долбоордун курулушу боюнча бир катар сунуштар берилип, коопсуздук стандарттарын так сактоо зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле сейсмикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча колдонулган технологиялар жана инженердик чечимдер талкууланды.
Аталган комплекс “Шаар ичиндеги шаар” концепциясы менен курулуп жаткан долбоор болуп саналат. Комплекстин курамына турак жай имараттары, коммерциялык багыттагы жайлар, коомдук тейлөө объектилери жана жашыл аймактар кирет.


