
.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунда Кыргызстандагы ар бир балага 12 жашка чыкканга чейин жөлөкпул төлөө сунушталууда. Ал эми муктаж деп табылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөкпул 16 жашка чейин берилери каралган.
Документте “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоонун тартиби такталган. Ага ылайык, жөлөкпул үй-бүлөнүн жалпы кирешесине, ата-энесинин же камкорчулардын социалдык жана мүлктүк абалына, баланын жашаган жерине, төрөлүү кезегине же башка мамлекеттик жөлөкпулдарды алуусуна карабастан чегерилет. Жөлөкпул бала төрөлгөн айдан тартып дайындалары белгиленген. Ошол эле учурда анын өлчөмү мыйзам долбоорунда так көрсөтүлгөн эмес.
Мындан тышкары, аталган мыйзамда "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпул жобосуна толуктоо киргизүү керектиги белгиленген.



