
.
Жумгал районунун Мин-Куш айылындагы “Шанси Коал Инвестмент Групп” ишканасы суу жана жер мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары жер үстүндөгү сууларды пайдаланганы үчүн компания 1 484 280 сом төлөөгө милдеттендирилди. Башка аныкталган эреже бузуулар үчүн кошумча 17 миң сом айып пул чегерилди.
Нарын облустук башкармалыгы каражатты төлөө боюнча жазма буйрук берип, аны аткарууга бир айлык мөөнөт койду.



