
.
2025-жылдын жыйынтыгында Орусияда чет өлкөлүк жарандардын саны кыскарган. Эгер 2024-жылы өлкөдө 6,3 миллион мигрант каттоодо турган болсо, 2026-жылдын башына карата бул көрсөткүч 5,7 миллион адамга чейин түшүп, дээрлик 10 пайызга азайган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграциялык саясат департаментинин аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси Александр Перегожин маалымдады.
Анын айтымында, мигранттардын санынын азайышына негизинен чет өлкөлүк жашы жете электердин санынын дээрлик 25 пайызга кыскарышы себеп болгон. Ошондой эле Перегожин 2025-жылдын расмий статистикалык жыйынтыктары февраль айында жарыяланарын кошумчалады.
Буга чейин, 27-январда Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Telegram каналында чет өлкөлүк жарандар балдарынын Орусияда мыйзамдуу жашоосун камсыз кылбаса же аларга негизги жалпы билим алууга шарт түзбөсө, өлкөдө калууга тыюу салынышы мүмкүн экенин билдирген.
Эске салсак, 28-январдан тартып Орусияда жаңы федералдык мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги менен билим берүү тармагын тескеген органдардын ортосунда жашы жете элек чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат алмашуу жолго коюлат. Тактап айтканда, миграциялык каттоого туруу, билим берүү мекемелерине кабыл алуу жана окуудан чыгаруу боюнча маалыматтар тиешелүү мекемелер ортосунда бөлүшүлөт.
Бийликтин маалыматына ылайык, бул чаралар мигрант балдардын өлкөдө мыйзамдуу жүрүүсүн жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу көзөмөлдөөгө шарт түзөт.



