
.
Акыркы 5 жыл ичинде өлкө аймагында жол куруу иштери бир кыйла өстү. Бул тууралуу 29-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашты. Акыркы 5 жылда асфальтталган жолдордун көрсөткүчү:
2021-жылы 175 чакырым;
2022-жылы 488,4 чакырым;
2023-жылы 673,8 чакырым:
2024-жылы 802 чакырым;
2025-жылы 1545 чакырым.
Мындан тышкары, жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2022-2024-жылдар аралыгында 750 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, экскаватор жана башкалар кирет. Жол-транспорт тармагындагы жогорку көрсөткүчтөр техникалык базанын толукталышы менен жетишилип жатат. Алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө.



