
,
2026-жылдын 27-январында, 54 жашында запастагы полковник Абиев Серик Кекенович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Серик Кекенович 1972-жылы туулган. 1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча окуусун аяктаган.
Ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында 1995-жылдын ноябрь айында кызмат өтөй баштаган. Жылдар бою ар кандай жооптуу кызматтарды ээлеген:
- 1995-жылдан 2001-жылга чейин- КР УКМКнын тергөө башкармалыгында;
- 2001-жылдан 2003-жылга чейин КР УКМКнын Нарын облустук башкармалыгында;
- 2003-жылдан 2006-жылга чейин-КР УКМКнын тергөө башкармалыгында;
- 2012-жылдан 2014-жылга чейин КР УКМКнын төрагасынын жардамчысы;
- 2014-жылдан 2017-жылга чейин- КР УКМКнын АТБда;
- 2017-жылдан 2022-жылга чейин КР УКМКнын башкы тергөө башкармалыгында;
- 2022-жылдан 2024-жылга чейин УКМКнын Академиясында;
- 2024-жылдан 2025-жылга чейин- КР УКМКнын Укуктук камсыздоо кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен жакшы натыйжалары үчүн Серик Кекенович мекемелик сыйлыктар жана наамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Ардак грамота менен сыйланган.
Кесиптештери жана кызматташтары аны татыктуу жетекчи, чыныгы офицер, милдетин күчтүү сезген принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары эстешет. Ал улуттук коопсуздук кызматкерлеринин жаш муундарына насаатчылык кылып, аларга ар дайым чынчыл жана адилеттүү болууга, салттарды урматтоого, офицердин жогорку наамын татыктуу алып жүрүүгө жана өз өлкөсүнө берилгендик менен кызмат кылууга чакырган.
Серик Кекенович боорукер жана мээримдүү инсан, ишенимдүү жолдош жана татыктуу дос болгон. Анын жылуу элеси кесиптештеринин жана аны жеке тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.