
.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Тоң райондук башкармалыгы тарабынан Бөкөнбаев айылын дизайн-код талаптарына ылайык иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Тоң райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү иштерин аткарууда. Атап айтканда, дизайн-код талаптарына жооп бербеген жана эскирген коммерциялык объектилердин башкы фасаддарында орнотулган баннердик көрнөк-жарнактарды алып салуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата 21 баннердик көрнөк-жарнак алынды. Мындан тышкары, көчмө комиссия тарабынан айыл көчөлөрүндөгү кызыл сызык жана курулуш сызыгынан чыгып кеткен курулмаларды алуу боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди.
Башкармалык тарабынан дизайн-код талаптарын сактоо жана мыйзамсыз курулмаларды алдын алуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.





