
.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жарандарды коомдук кабыл алуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө суу каналдарын оңдоо иштерине тийиштүү актуалдуу маселелер, ошондой эле аз түшүмдүү жерлерди пайдалануу менен байланышкан айрым жер маселелери каралды. Жарандардын кайрылуулары белгиленген тартипте коомдук кабыл алуу бөлүмү аркылуу Министрликтин жетекчилигинин кабыл алуусуна жазылуу менен берилген. Маселелерди кароого Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы, Министрликтин коомдук кабыл алуу бөлүмүнүн өкүлү, Жер жана суу көзөмөлдөө органынын директору, ошондой эле башка ведомстволук бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Коомдук кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Министрликтин жетекчилиги тарабынан тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө кайрылууларды маңызы боюнча карап чыгуу жана компетенциясынын чегинде маселелерди чечүүгө көмөктөшүү тапшырмалары берилди. Министрлик ачыктыкты, жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча ишин улантууда.