
.
Бүгүн, 2026-жылдын 27-январында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатына тышкы иштер министринин жаңы орун басары — Турсункулов Кайрат Эркинович тааныштырылды. Аны дайындоо жөнүндө тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кайрат Турсункуловдун жогорку кесипкөйлүгүн жана бай тажрыйбасын белгилеп, ага ишенип берилген багыттарды натыйжалуу жетектөөгө жана өлкөнүн эл аралык байланыштарын бекемдөөгө тажрыйбасы өбөлгө түзөрүн айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында С. Абдумуталип К. Турсункуловго жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.
Маалымат үчүн: Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылдын 23-майында төрөлгөн.
2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы Элчиликтеринде иштеген.
1-класстагы кеңешчи Дипломатиялык рангына ээ.
Англис жана немис тилдерин билет.