
.
2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Б.Т. Бекболотовдун катышуусунда Кытай Эл Республикасынын Heze Peony Development Service Center өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.Heze Peony Development Service Center (菏泽市牡丹发展服务中心) — Хэцзэ шаарындагы пион тармагын өнүктүрүүгө адистешкен борбор болуп саналат. Хэцзэ дүйнөдөгү эң ири пион өстүрүү жана кайра иштетүү борбору катары кеңири таанылган.Аталган борбор агроөнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуранын бир бөлүгү болуп, пион секторун кеңейтүүгө, анын экономикалык жана маданий маанисин жогорулатууга системалуу түрдө иш алып барат.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда гүл өстүрүү маданиятын, айрыкча пион өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, климаттык шарттардын ылайыктуулугун, кайра иштетүү маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин кеңири талкуулашты







