
.
26-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев пландан тышкаркы иш сапары менен Балдар үчүн «Келечек» реабилитациялык борборуна барды. Баруунун жүрүшүндө мекеме жетекчисине борбордун ишмердүүлүгү, кызмат алуучулардын саны жана кызматкерлердин курамы тууралуу маалымат берилди. Мекеменин директорунун айтымында, текшерүү учурунда борбордо 45 адам кызмат алып жаткан, анын ичинде стационарда 33 бала жана 28 коштоочу, ошондой эле күндүзгү форматта борборго келип реабилитация алып жаткан 12 бала болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында К. Сагынбаев борбордун администрациясына борбордун бардык кызматтары акысыз көрсөтүлөрү тууралуу калкты маалымдоону күчөтүүнү, ошондой эле сапаттуу жана жеткиликтүү реабилитациялык жардам көрсөтүү максатында ар бир балага жекече мамиле жасоону биринчи орунга коюуну тапшырды.
Борбордо реабилитация алып жаткан балдар менен жолугушуу учурунда бейтаптардын биринин чоң апасы «Келечек» реабилитациялык борборунун жамаатына кесипкөйлүгү жана балдарга болгон кылдат мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Министр балдарга жана алардын ата-энелерине бекем ден соолук, реабилитацияда ийгиликтерди жана тез арада сакайып кетүүнү каалады. «Эң башкысы — ден соолугуңар. Балдар — биздин келечегибиз. Оорубагыла, ар дайым сак болгула!» — деп белгиледи ал.
«Келечек» реабилитациялык борбору 2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда ачылган. Мекеменин кубаттуулугу 100 балага ылайыкталган жана майыптыгы бар балдарга стационардык шартта (анын ичинде аймактардан келген балдарга) жана күндүзгү форматта реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушунан жана неврологиялык оорулардан улам майыптыгы бар балдар менен иш алып барат. Реабилитациялык борборго кабыл алуу Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жолдомосу аркылуу (борбордун жетекчилиги менен макулдашуу негизинде) МСЭКтин же баланын жашаган жери боюнча Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (ЖДПБ) дарыгерлеринин сунуштамаларынын негизинде жүргүзүлөт.






