
.
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын чыгыш-түштүк тарабында жайгашкан, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы Р-4 каналынын сугаруу аянтына кошумча өздөштүрүлүүчү жерлерде заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында 143 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу каралган. Курулуш иштери 2026-жылдын январь айынын экинчи декадасынан тартып башталды. Тамчылатып сугаруу системасынын негизги артыкчылыктары — суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, сууну түздөн-түз өсүмдүктүн тамыр аймагына жеткирүү аркылуу суунун жоготууларын азайтуу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана топурактын туздануусун алдын алуу болуп саналат. Мындан тышкары, бул система эмгек чыгымдарын кыскартып, жер семирткичтерди жана сууну натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет. Аталган долбоор сугаттын натыйжалуулугун жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.




