
.
Учурда майлуулугу 3,4 % болгон чийки сүттүн заводдор тарабынан фермерлерден сатып алуу баасы аймактарга жараша 48 сомго чейин жетүүдө. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, анын ичинде Чүй облусунда – 35-47 сом, Талас облусунда – 32–41 сом жана Ысык-Көл облусунда – 34–48 сом. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 724 токтому менен бекитилген чийки сүттүн баасын белгилөө тартибине ылайык, чийки сүттүн базалык наркы базистик майлуулугу 3,4 % болгон сүт үчүн аныкталат.



